Бишкекте «Яндекс Go Еда» кызматы ишке кирди

14 марта 2024, 16:04

Бишкекте кафе-ресторандардан даяр тамактарды жана дүкөндөрдөн азык-түлүктөрдү жеткирүү үчүн “Яндекс Go Еда” кызматы иштей баштады. Бул тууралуу “Яндекс Go” кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Яндекс Go” тиркемеси аркылуу үйгө же кеңсеге ысык тамак буюртма берүүгө болот. Долбоордун башталышында кызматка ресторан бизнесинин 20дан ашык өкүлдөрү кошулган, анын ичинде KFC, NAVAT, Bublik ж.б. бар.

Өнөктөштөрдүн тизмеси толукталып, жеткирүү аянты өсөрү айтылат.