Бишкекте жаңы №146 муниципалдык автобус иштеп баштайт

28 декабря 2023, 16:35

29-декабрдан тарта жаңы №146 муниципалдык автобус каттамга чыгат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттам "Бишкек автобекетинде" (Алма-Ата – айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши) башталып, Чоң-Арык айылында токтойт.

“Каттамга 25 автобус чыгат, ал эми кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот”, - деп айтылат маалыматта.