Бишкекте ЖЭБдеги кырсыктан улам ысык суу берүү токтотулду

2 февраля 2024, 09:27

Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилеп кетсек, бүгүн саат түнкү 03:00дө ЖЭБде авария болуп, анын кесепетинен жабдуулар иштен чыккан.

“ЖЭБдин жана жылуулук тармактарынын ишин камсыз кылуу максатында шаар тургундарына ысык суу берүү токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.