Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

2 апреля 2024, 09:45

Бишкек шаарында 2024-жылдын 5-апрелинен 1-октябрына чейин жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим жол коопсуздугун камсыздоо, муниципалдык жолдордун коопсуздугун камсыздоо жана пайдалануу мөөнөтүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Мындай чектөө чаралары саат 07.00дөн 21.00гө чейин күчүндө болот. Бул мезгилде муниципалдык жолдордо уруксат берилген максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.