Бишкекте жогорку чыңалуудагы «Ак Кула» көмөк чордону курулат
Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Ак Кула” көмөк чордону курулат. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, курулуш иштери апрелде башталат.
Мэрия тарабынан “Ак Кула” ат майданынын жанынан жер тилкеси бөлүндү. Учурда инженердик-техникалык документация жүргүзүлүүдө.
Подстанциянын кубаттуулугу 110 киловатт-саатты түзөт.