Бишкекте жылуулук качан берилери белгилүү болду

16 октября 2023, 10:15

Бишкекте жылуулук берүү абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Адаттагыдай эле биринчи кезекте мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийинки кезекте жылуулукка карызы жок турак үйлөр, өнөр жай ишканалары жана мекемелер турат.

Эске салсак, былтыр Бишкекте жылуулук 26-октябрдан тартып бериле баштаган.