Бишкектеги №1 тергөө абагын көчүрүү үчүн 26,3 млн сом жумшалат

24 октября 2023, 09:31

Жаза аткаруу кызматы №1 тергөө абагынын кайда көчүрүлөөрүн билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, №1 тергөө абагы Бишкек шаарынан 22 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Төмөнкү Нооруз айылында (№50 тергөө абагынын аймагында) болот.

Аталган №1 тергөө абагына 2 миң адамга ылайыкталат.

Белгиленгендей, аны Бишкектен көчүрүү үчүн президенттик фонддон 26,3 млн сом бөлүнгөн.