Бишкектеги Чыгыш автобекетин шаар сыртына жылдыруу пландалууда

25 декабря 2023, 11:15

Бишкектеги Чыгыш автобекетинин ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Мэриядан билдиришкендей, аталган автобекет шаар сыртына жылдырылат.

Муну менен ордо калаадагы унаа тыгынын жөнгө салууга шарт түзүлөт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле иштеп жаткан станциянын аймагына парк куруу пландалып жатат.