Бишкектеги инфекциялык оорукана оңдоо иштерине жабылды

28 сентября 2023, 10:00

Бишкектеги инфекциялык оорукана оңдоо иштерине жабылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, үч кабаттуу корпусту калыбына келтирүү Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Ремонт учурунда курч респиратордук инфекциялары менен балдар Улуттук эне-баланы коргоо борборуна жана Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жөнөтүлөт.