Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авикаттамдар жанданат

12 мая 2023, 12:45

Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авикаттамдар жанданат. "Манас" аэропортунан билдиришкендей, Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар 18-майдан тарта аткарылат.

Маалыматка ылайык, учуулар ата мекендик авиакомпания тарабынан жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү болот.

Эске салсак, "Баткен" аэропорту ушул жылдын 1-апрелинен баштап аэродромду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.