Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат

29 ноября 2023, 13:00

Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Пекин - Бишкек - Пекин маршруту боюнча жаңы аба каттам 2024-жылдын биринчи кварталында кое берилет. Аны Кытайлык авиакомпания аткарат.

Мындан тышкары, ушул жылдын декабрында Кытайдын Чэнду шаарына авиакаттам ачылат.