Бишкектин башкы балатысы КМШдагы эң бийик балатынын катарында

27 декабря 2023, 10:35

Бишкектин башкы балатысы КМШдагы эң бийик балатынын катарына кирди. Бул тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердеги спорт, туризм жана саякат жөнүндө жазган агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи орунда 44 метр бийиктиктеги балаты менен Ашхабад турат, Бишкек 32 метр менен бешинчи орунда.

Ал эми КМШдагы эң жапыз балаты Алматыда орнотулган. Анын узундугу 20 метрди түзөт.