Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 980ден ашык маршрутка чыгарылды

9 февраля 2024, 15:10

Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 980ден ашык маршрутка чыгарылды. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү эки тарапка тең бошотулду. Эми бул тилкеде автобустар гана жүрө баштады.

Ошондой эле Байтик Баатыр көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүн маршруткалардан бошотуу долбоору иштелип чыкты.