Бишкектин эки калкты тейлөө борборунда иш убактысы узартылды

21 ноября 2023, 16:45

Бишкектин эки калкты тейлөө борборунда иш убактысы узартылды.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, кеп Жибек-Жолу проспектисинде жана Жетикашкаева көчөсүндө жайгашкан борборлор жөнүндө болуп жатат. Алар эми эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт.

Тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында башталган пилоттук долбоор 29-декабрга чейин уланат.