Бишкектин коомдук транспортунда бардык жеңилдиктер сакталат

28 декабря 2023, 09:15

Бишкектин муниципалдык коомдук транспортунда бардык жеңилдиктер сакталат. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, автобус-троллейбустарда пенсионерлер, майыптыгы бар жарандар, 7 жашка чейинки балдар жана почта кызматкерлери акысыз жүрө алат. Ал эми жеке автобустар жана маршруттук таксилерде эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин льготалар каралат. “Тулпар” льготалык картасы барларга жол кире 10 сомду түзөт.

Эске салсак, Бишкектин коомдук транспортунда 15-январдан тарта тарифтер кымбаттайт.