«Бишкекзеленхоз» иш үстүндө кырсыктаган жумушчуга кенемте төлөйт

5 марта 2024, 10:20

“Бишкекзеленхоздун” жумушчусу Д.Н.А. жумуш учурунда кырсыкка кабылып, денесинен оор жаракат алган. Бул тууралуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында иш берүүчү тарабынан КРнын эмгекти коргоо мыйзамынын 11-беренесинин жана Кылмыш-жаза кодексинин 211, 216-беренелеринин талаптары сакталбаганы аныкталган. Анын негизинде мекемеге 23 миң сом айып салынган.

“Иш берүүчү да эмгек мыйзамдарына ылайык кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди”, - деп айтылат маалыматта.