«Бишкекжарык» ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш козголду
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Факт боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.