Кыргыз бизнес-коомчулугу партияларды жана жаштарды укуктук талаага келүүгө чакырды

8 октября 2020, 13:30

Кыргызстандын бизнес-коомчулугу өлкөдөгү акыркы окуяларга тынчсызданууларын билдирип, партия жана жаштар лидерлерин укуктук талаага келүүсүнө чакырышты.

Кайрылууда меценант Аскар Салымбеков азыркы учурда бизнести сактап калуу керектигин билдирди.

«Биз экономикасыз, бизнессиз алдыга жыла албайбыз. Азыркы учурда бизнести сактап калуу керек», - деп айтты Салымбеков.

Банк Союзунун жетекчиси Анвар Абдраевдин айтымында, Кыргызстандын экономикасы бул жылы оор учурларга кабылууда.

«Биздин экономика ансыз дагы абдан оор абалда. Мен бардык саясий партияларды бир акылга келүүгө чакырат элем. Тез жана ыкчам чечимдерди кабыл алсын. Биз тынчтыкта иштегенди жакшы көрөбүз жана тынчтыкта иштегибиз келет. Бизнес коомчулук бугүнкү күндөгү бардык бизнес долбоорлорду колдоп келген жана колдой берет», - деп билдирди Абдраев.

Эске сала кетсек, буга чейин талап-тоноочулуктун алдын алуу максатында коммерциялык банктар иштеген эмес жана айрым банкоматтардагы акча каражаттар банктар тарабынан чыгарылып кеткен.