Боронов: Быйыл жарым жылда Кыргызстандын ИДПсы 228.3 млрд сомду түздү

28 июля 2020, 17:15

Быйыл жарым жылда Кыргызстандын ИДПсы 228.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, өлкө экономикасы 5.3%га төмөндөгөн.

«Кумтөрдү» кошпогондо өнөр жайыбыз 8%га кыскарды. Инфляция 3%ды түздү. Ошондой болсо да өкмөт бардык каражаттарды максаттуу, үнөмдүү пайдалануунун үстүндө. Биринчи кезекте мамлекеттин бюджетинде корголгон беренелер толук түрдө төлөнүп жатат: пенсия, жөлөкпул, айлык акы, ден соолугуна байланыштуу социалдык төлөмдөр, кошумча айлыктар, балага сүйүнчү ж.б. төлөмдөр», - деди ал.