Боронов: жеке компаниялар кызматкерлерине, карантинге карабастан айлык акы төлөп берүүгө тийиш

30 марта 2020, 12:30

Кырдаалга байланыштуу жеке компаниялар, карантинге үйлөрүнө коё берилген кызматкерлерине мыйзамга ылайык айлык акы төлөп берүүгө тийиш. КР Өкмөтү тарабынан жеке компанияларга, насыяны мөөнөтүнөн узартып төлөө, салыктан бошотуу сыяктуу жеңилдиктерди берип жатат. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

28-мартта атайын жыйын өтүп, анда республиканын облустарындагы эпидемиологиялык абал жана коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу боюнча маселелер талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр, бюджетик мекемелерде иштегендердин айлык акысы токтоосуз төлөнүп жаткандыгын кошумчалап өттү. Анын айтымында, жеке компаниялар кызматкерлердин аргасыз эс алууга чыккандыгына байланыштуу, айлык акыларын токтотпой төлөп берүүлөрү керек.