Бош орундар жарманкеси Кыргызстандын жети шаарында өтөт

21 ноября 2023, 16:30

Бош орундар жарманкеси Кыргызстандын жети шаарында өтөт. Кеп Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Кызыл-Кыя, Нарын жана Талас тууралуу болуп жатат.

Иш-чараны Эмгек министрлиги башка мамлекеттик органдар жана уюмдар менен биргеликте уюштурууда.

Жарманкеге 50дөн ашык алдыңкы компаниялардын 10 миңден көп бош орундары коюлат. Иш берүүчүлөр ошондой эле потенциалдуу талапкерлер менен бетме-бет маектешүүлөрдү өткөрүшөт.