БШК Бишкектеги кайра шайлоого катышууга арыз берген 51 талапкердин 18ин каттады

26 января 2022, 16:00

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги кайра шайлоого катышууга арыз берген 51 талапкердин 18ин каттады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер 7-февралга чейин БШКдан каттоодон өтүшү керек.

Эске салсак, аталган окуругдарда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.