БШК парламенттик шайлоонун чыгымдарын азайтты

10 августа 2020, 09:50

Республиканын эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, ушул жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоонун чыгымдары азайтылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

БШК бухгалтерлер жана территориялык шайлоо комиссияларынын төрагалары үчүн финансы маселелери боюнча окутуучу семинар өткөрдү.

«Окутуучу иш-чаранын катышуучуларына ачык-айкындуулуктун жана финансылык ачыктыктын принциптерине жооп берген шайлоо кампаниясын каржылоого тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмө берилди. Бухгалтерлер жана ТШК төрагалары 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун чыгымдары эпидемиологиялык кырдаалга жараша, шайлоо процессин уюштуруу үчүн абдан зарыл болгон иш-чараларды эске алуу менен түзүлгөндүгү боюнча кабардар болушту», - деп белгиледи БШКдан.