БШКнын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө арыз соттон жараксыз деп табылды

9 октября 2020, 15:50

Сот «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарынын административдик сотунда «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» коомдук бирикмесинин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-октябрындагы №249 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө доосу боюнча сот процесси болуп өттү.

Соттун жыйынтыгы боюнча «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын доосу канааттандыруусуз калтырылды.