Бүгүндөн тарта Бишкекте жылуулук бериле баштайт
Мэр Азиз Суракматов шаардыктарды жылуулук менен камсыз кылуу боюнча тапшырма койду. Бул тууралуу Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазган.
Анын айтымында, азыркы учурда вице-мэр Алымбек Абдылдаев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабды чогултууда. Жылуулук бүгүндөн тарта бериле баштайт.