БУУ Айыл чарба тармагындагы 55,4 млн $ долбоорду каржылайт

8 декабря 2020, 11:45

БУУнун IFAD миссиясы «Базарга жетүүнү камсыз кылуу» долбоорун көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги маалымдады.

Жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жыйынтыгында, министрликке бенефициардык уюмдар менен жакшыраак иштөө сунушу айтылды.

«Белгиленген жетишкендиктердин катарында айыл чарба жаатында инновациялык санарип өнүмдөрүн өнүктүрүүгө гранттар берилген финансылык кызмат көрсөтүүчүлөр менен кызматташуу, тармактык ассоциациялар менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүү, вакциналарды жана антигельминтикалык препараттарды, реагенттерди жана топтомдорду сатып алуу сыяктуу ветеринардык компонент боюнча иш-чараларды өз убагында жүргүзүү Сосновкадагы лабораторияны жана ветеринардык көзөмөл пунктун диагностикалоо, оңдоо үчүн», — деп жазылат маалыматта.

Долбоордун алты жылдык ишке ашыруу мезгилиндеги жалпы наркы (2018 — 2023). 55,4 миллион долларга бааланган.