БУУ медиктерге жана эпидемиологдорго жардам көрсөттү

21 июля 2020, 10:35

БУУнун калкты жайгаштыруу тармагындагы фонду (ЮНФПА) БУУ менен биргеликтүү долбоордун алкагында райондук үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына, ооруларды профилактикалоо борборуна жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборуна коргонуу каражаттарын берди.

Борбор калаанын медиктери ИККнын 500 комплектисин алышты: медициналык бет каптарды, нитрилдик кол каптарды, изоляциялоочу халаттарын, коргонуу костюмдарын, суюктук киргизбеген костюмдарын, хирургиялык бет каптарын, бет үчүн калкандарды, коргонуучу панорамалык каражаттарын жана жогорку деңгээлде фильтрациялоочу 300 хирургиялык респираторлорун.

Медиктерге көрсөтүлгөн гуманитардык жардам БУУнун көп тараптуу максаттуу өнөктөштүк фонду тараынан каржыланган.