БУУ жыл сайын Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүп келет — Жапаров

3 ноября 2023, 17:25

Жыл сайын БУУнун системасы Кыргызстанга 100 млн доллар өнүктүрүү гранттарын бөлөт. Бул тууралуу “Жакырчылык жана теңсиздик” улуттук өнүктүрүү форумунда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын ноябрь айына карата 64 млн долларлык долбоорлор ишке ашырылган.

Анын 26 млн доллары социалдык тармакка, 10 млн доллары экономикага, 19 млн доллары экология жана климатка, 9 млн доллары мамлекеттик башкарууга жана мыйзам үстөмдүгүнө багытталган”, - деди Акылбек Жапаров жана БУУга ыраазычылык билдирди.