Быйыл 700 млн сомго беш ирригациялык объект курулду

28 декабря 2023, 15:00

Быйыл республикалык бюджеттен 700 млн сомго 5 ирригациялык объект курулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Мындан сырткары, 935 млн сомдук каражатка 635 чакырым канал, 275 суу ѳлчѳѳчү посттор, 648 гидротехникалык курулмалар жана 105 насостук станцияларда оңдоо иштери бүткөрүлдү.

Ошондой эле, 223,6 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 4472 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.