Быйыл он айда бажыдан бюджетке 89,7 млрд сом түштү

11 ноября 2023, 10:01

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, бул айда 10,2 млрд сом өндүрүлүп, белгиленген план 104,4%га аткарылган. Бул жыйынтык Мамлекеттик бажы кызматы пландагыдан 429,9 млн сомго көп жыйнаганын билдирет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу бажы төлөмдөрүн чогултуу 4,1 млрд сомго көбөйүп, 166,2%га өскөн.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 10 айында Мамлекеттик бажы кызматы жалпысынан 89,7 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, жылдык болжол 107,7%га аткарылган же пландан 6,4 млрд сомго көп өндүрүлгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы жыйымдарын чогултуу 30,6 млрд сомго көбөйүп, 151,9%га өскөн.