Быйыл дыйкандарды колдоо багытында 13,5 млрд сомдой насыя берилди

21 декабря 2023, 14:32

Кыргызстанда 2023-жылы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган долбоорлорго 13,5 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы “Айыл чарбасын каржылоо - 11” долбоорунун алкагында 3 млрд 300 млн сом, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорунун алкагында дагы 10 млрд 300 млн сом бөлүнгөн.

“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун максаты - 2023-жылга карата айыл чарба талаа иштерин өз убагында жүргүзүү, мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктү андан ары өнүктүрүү үчүн ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жеңилдетилген насыяларды берүү болуп саналат.