Бишкекти майрамдарга карата жасалгалоого 11,5 млн сом жумшалат

14 февраля 2024, 09:35

Быйыл майрамдарга карата Бишкекти жасалгалоого 11,5 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2024-жылга республикалык жана шаардык маанидеги пландаштырылган жана күтүлбөгөн иш-чараларга борборду жасалгалоо боюнча тендерди Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Анда 8-март, Нооруз, шаар күнү, Жеңиш күнү, Эгемендүүлүк күнү жана Жаңы жылга карата баннерлерди басып чыгарууга буйрутма берүүнү пландап жатканы айтылат.