Быйыл Чүй облусунда 55 социалдык объект пайдаланууга берилди

15 декабря 2023, 11:38

Быйыл Чүй облусунда 55 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11 объект активдүү курулуш процессинде, ал эми 7 объект акыркы баскычта, жалпы саны 73кө жетти.

Анын ичинен 17 объект республикалык бюджеттен, 12си жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 44 объект кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен ишке ашырылган.

Алсак, 15 мектеп, 7 бала бакча, 21 спорт объекти, 7 фельдшердик-акушердик пункт, 6 үй-бүлөлүк медицина борбору, 5 социалдык шаарча, 2 реабилитациялык борбор жана 10 суу түтүктөрү бар суу мунарасы ишке берилди.