Быйыл аңчылыктан бюджетке 106,7 млн сом түштү
Быйылкы жылдын 11 айында биоресурстарды коргоо тармагынан республикалык бюджетке жалпы киреше 114 млн 974 миң 37 сомду түздү. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Анын ичинде аңчылыктан түшкөн киреше 106,7 млн сомду түздү. Анын ичинен чет элдик туристтик аңчылыктан – 100,6 млн сом, спорттук жана ышкыбоздук аңчылыктан – 6 млн сом түшкөн.
“Браконьерлик жана өсүмдүктөр дүйнөсүн жок кылгандыгы үчүн бюджетке 2,3 млн сом төлөндү”, - деп белгилейт Жаратылыш ресурстар министрлиги.
Мындан тышкары, “Жашыл Мурас” улуттук компаниясынын алкагында республика боюнча 7 млн көчөт отургузулду.