Быйыл Катардан Кыргызстанга каттамдар ачылат

8 марта 2024, 11:20

Быйыл Катардан Кыргызстанга каттамдар ачылат. Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматына караганда, Дохадан Бишкекке учактар ​​июнь айынан тарта каттай башташы мүмкүн.

Ошондой эле Люксембург, Венгрия, Латвия жана Кипр менен да жаңы каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.