Быйыл Кыргызстан буудай импортун көбөйттү

14 ноября 2023, 17:30

Кыргызстан быйыл январь-сентябрь айларында 214,2 миң тонна буудай импорттоду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 32,9 миң тоннага көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

Ага ылайык, Кыргызстан Орусиядан 206,9 миң тонна сатып алган. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 29,8 миң тоннага көп. Ал эми Казакстандан 7,3 миң тонна импорттогон, бул 2022-жылдын тогуз айына караганда 3 миң тоннага көп. Быйыл Түркиядан 200 кг буудай сатып алган.

Белгилеп кетсек, быйыл өлкөдө кургакчылык болуп, түшүм аз жыйналды.