Быйыл Кыргызстан Гонконгго 197 млн долларга күмүш саткан

6 октября 2023, 11:21

Быйыл жети айда Кыргызстан 312,9 килограмм күмүш экспорттогон. Экспорт 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 эсеге азайган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, баалуу металлды сатып алуучулар да өзгөргөн. 2022-жылы Кыргызстан Орусияга 354 килограмм жана Түркияга 353 килограмм күмүш саткан. Жеткирүүлөрдүн жалпы суммасы 543 млн долларга бааланган.

Ал эми быйыл күмүштүн басымдуу бөлүгү Гонконгго экспорттолгон. Андан мамлекет 197,3 млн доллар пайда тапкан.