Быйыл Кыргызстанга 10 млн жакын турист келиши күтүлүүдө

17 апреля 2023, 10:15

Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын турист келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Самат Шатманов билдирди.

Чиновник ошондой эле учурда ведомство Ысык-Көл облусун өнүктүрүү стратегиясын иштеп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк менен 25 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул каражат жеке эс алуу жайларында тазалоочу жайларды курууга жумшалат.