Быйыл кышында жолдорду тейлөөгө 335 млн сом сарпталат

9 ноября 2023, 09:29

2023-жылы жолдорду кышкы тейлөөгө 335 млн сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда жол техникасынын пландалган паркынын 88%ы даярдалды, тактап айтканда пландалган 488 даана техниканын 432и даяр болду. Бул техникалар жолдорго туз жана кум төгүүгө, ошондой эле кар күрткүлөрүн, муздарды натыйжалуу тазалоого арналган.

Белгилеп кетсек, республика боюнча бардык тейленген жолдордо 31 өтмөк бар. Анын ичинен 27си жыл бою тейленсе, төрт өтмөк тилкесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен унаалардын кыймылы убактылуу токтотулушу мүмкүн.