Быйыл мектептердеги күзөт кызматкерлерине 34,8 млн сом жумшалат

16 ноября 2023, 15:37

Бишкектин мектептери күзөтчүлөр менен камсыздалып, айлыктар шаардык бюджеттен төлөнөт. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Шаар бюджетинен быйыл төлөмдөргө 34,8 млн сом каралган. Учурда Биринчи Май районундагы мектептерде күзөт агенттиги иштейт. Свердлов жана Ленин райондорунда иш башталууга тийиш, ал эми Октябрь районунда жеке ишканалардын арасында кайра конкурс болот.

Буга чейин президент мектептерде акчалай төлөмдөр жана фонд түзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон. Андан соң мэрия коопсуздук кызматкерлери мектептерден чыга баштаганын билдирген.