Быйыл Ош шаарындагы долбоорлорго 2,8 млрд сом жумшалат

27 февраля 2024, 14:53

Быйыл Ош шаарындагы долбоорлорго 2 млрд 884 млн 956 миң 200 сомдук бюджет каралган. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясында 2024-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууда белгилүү болду.

Коомдук угууда Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын башчысы К. Абдыкадыров Ош шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча маалымат берди. Андан кийин “Юз оф Ош” коомдук бирикмесинин жетекчиси А. Сатинбаева жарандык коомдун өкүлдөрүнүн атынан бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча сунуштарды киргизип, баяндама жасады.

Ошондой эле, Ош шаарынын тургундары, жарандык коомдун өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, бюджеттин долбоору боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, сунуштарын беришти.