Былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 49 кылмыш иши козголгон

7 марта 2024, 12:20

Аялдардын эл аралык күнүн утурлай Башкы прокурорунун орун басары Үмүткан Коңкубаева "Биринчи радионун" түз эфиринде аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистикалык маалыматтар менен тааныштырды.

Анын айтымында, 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 45 аял жабыркаса, үй-бүлөлүк зомбулуктун негизинде 49 кылмыш иши козголгон. Өткөн жылы 239 аял ден соолугуна жеңил зыян келтирген. Аялдар жана жети бала жапа чеккен 22 кыйноо фактысынын үчөө өз жанын кыюуга алып келген.

Башкы прокурордун орун басары аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактиканы күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө укук коргоо органдарынын гана эмес, социалдык кызматтардын жана билим берүү органдарынын да көңүлүн бурду.

“Биз салыштырма анализ жүргүзүп жатабыз, бирок маанилүүсү бул жылы көрсөткүчтөр жогоруладыбы же өспөдүбү. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди күчөтүү зарыл”, - деп эсептейт ал.