Былтыр Кыргызстан Өзбекстандан 1,4 миң телевизор импорттогон

6 февраля 2024, 11:35

2023-жылы Өзбекстан Кыргызстанга 1400 телевизор экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан 2023-жылы 52,0 млн долларга 231 миң 400 телевизор экспорттогон.

Өзбекстан 2023-жылы эң көп Орусияга - 129,8 миң, Азербайжанга - 45,8 миң, Казакстанга - 29,3 миң, Беларусияга - 8,6 миң, Арменияга - 6,6 миң, Украинага - 5 миң, Тажикстанга - 2,2 миң, Грузияга - 1,5 миң, Кыргызстанга - 1,4 миң, Түркияга - 1,3 миң телевизор экспорттогон.