Былтыр Кыргызстан Өзбекстандан 631 млн долларга товар импорттогон

24 января 2024, 17:30

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 953 млн сомду түздү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 62,6 млрд долларга жеткен.

Былтыр Өзбекстан Кыргызстанга 631,5 млн долларга товар экспорттогон, ал эми Кыргызстан бул өлкөгө 321,9 млн долларга товар экспорттогон.