Кыргызстанда курулуш иштеринин көлөмү 32 пайызга көбөйдү

4 марта 2024, 12:40

2023-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө курулуштун көлөмү 203,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын аналитикалык баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, бул 2022-жылга салыштырмалуу 8,6%га көп.

“2023-жылы ЕАЭБде аткарылган курулуш иштеринин көлөмү Кыргызстанда 1,6 млрд долларды түзгөн. Өсүш 32,1%ды түздү”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБде Арменияда 1,3 млрд доллар (+37,6%), Беларуста 5,5 млрд доллар (+11,4%), Казакстанда 16,4 млрд доллар (+13,3%), Орусияда 178,3 млрд доллар (7,9%) курулуш иштери жүргөн.