Былтыр Кыргызстанда тоо-кен ишканаларынан 33 млрд сом салык түшкөн

23 февраля 2024, 18:00

Тоо-кен ишканаларынан салык катары 2023-жылы 33,07 млрд сом, ал эми 2022-жылы 31,5 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпы кен казууда 2023-жылы 56,1 млрд сом пайда түшүп, 2022-жылга жылга салыштырмалуу 19,5 % өскөн.

2023-жылы Кыргызстанда геология тармагына 192 лицензия берилген. Анын ичинен мамлекеттик ишканаларга 45 лицензия берилген.