Былтыр Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү көлөмү 6,8 млрд долларды түздү

10 февраля 2022, 12:43

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 6 млрд 800 млн долларды түздү. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 19,5%га көп. Мындай маалыматтар Экономика жана коммерция министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиясында айтылды.

Жалпы экспорттун ичинен - ​​1 млрд 610 млн доллар, алтынды эсепке албаганда - 1 млрд 250 млн доллар деңгээлинде, бул 2020-жылга салыштырмалуу 26,7%га көп. Импорттук түшүүлөр – 5 млрд 190 млн доллар деңгээлинде, өсүш – 39,6% болду.