Былтыр Кыргызстанга Казакстандан 54,9 млн доллар инвестиция тартылган
2023-жылы Казакстан Кыргызстандын экономикасына 54,9 млн долларга жакын инвестиция салган. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм каналына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, каражат дүң жана чекене соода тармагына багытталган. Тоо-кен иштерине 5,7 млн долларга жакын каражат түшкөн.
Белгилеп кетсек, Казакстандан келген инвесторлор Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы ишканаларга инвестиция салышкан. Бишкекке да инвестиция тартылган.
Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн арасынан Казакстан Орусия менен Кытайдан кийин үчүнчү орунда турат.