Былтыр Соцфонддун жалпы кирешеси 62 млн сомдон ашты

18 февраля 2022, 15:00

Соцфонддун жалпы кирешеси 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 62 571,0 млн сомду түздү. Мындай маалымат аталган фонддун өткөн жылы аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйында маалымдалганын Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул такталган бюджеттен 100,5 % көп. 2020-жылга аткарылган бюджетке салыштырмалуу 6 514,9 млн сомго же 111,6%га көбүрөөк.

“38 378,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү түштү. 2020-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышы 5 201,2 млн сомго же 115,7% өстү”,- деп айтылат маалыматта.