Бюджеттин тартыштыгына карабастан мугалим жана медиктердин айлык акысы кыскарбайт

18 мая 2020, 11:00

Учурдагы экономикалык кырдаалга карабастан, республикалык бюджет айрым приоритеттүү чыгашаларын сактап калды. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги маалымдады.

Белгиленгендей, 2020-жылы билим берүү кызматында эмгектенгендердин айлык акысын жогорулатууга - 7 млрд сомго жакын, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууга 700 млн сом каражат бөлүнөрү айтылды.

Андан сырткары, сот системасын жана укук коргоо тутумун санариптештирүү жана реформалоо боюнча мурда пландаштырылган иш-чаралар жүргүзүлөт.

Укук коргоо органын реформалоого

2 700, 0 сом

Сот системасын жана укук коргоо тутумун реформалоого

724,5 сом

Санариптештирүү боюнча иш-чараларга

500,0 сом

Ипотекалык насыялоого

500,0 сом

Калкты каттоого

239,3 сом

Мамлекеттик чек араны бекемдөөгө

200,0 сом

Патрулдук кызматты түзүүгө (пилот)

184,6 сом